Аскар Бешимов Кыргызстандын Непалдагы элчиси болуп дайындалды

Аскар Бешимов Нью-Делидеги резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Непалдагы Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Бешимов КРнын Индиядагы элчиси болуп дайындалган.