Садыр Жапаров Татарстандагы IT-компаниялар менен жолугат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, Татарстанга келди. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат.

Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT-компаниялардын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки жактуу жолугушуулары өтөт.