Эмгек министринин мурдагы орун басары Улан Чаначев бир айга камакка алынды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин мурдагы орун басары Улан Чаначевди 29-мартка чейин камакта калтырылды. Чечим Биринчи май райондук соту тарабынан 22-февралда кабыл алынган.

УКМК тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталып, Чаначев 21- февралда кармалган.