«Кыргызжылуулукэнерго» келерки кыш мезгилине карата 30 отказанды жаңылоо пландалууда

«Кыргызжылуулукэнерго» МИ 2024-2025 жылдардын күз-кыш мезгилине карата жаңы 30 даана отказан жаңылануу планадалып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

«Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы» тарабынан Беловодск, Нарын, Каракол, Жалал-Абад, Таш-Кɵмүр, Кара-Кɵл филиалдарына ар кандай кубаттулуктагы 24 даана «ВОССТ-М» маркасындагы отказандарын жазап филиалдарга жерине жеткирип орнотуп берүү пландалууда. Ал эми,калган 6 даана отказанды Россия Федерациясынан Кара-Балта филиалына 3 даана, Токмок филиалына 1 даана, Талас филиалына 1 даана, Майлуу-Суу филиалына 1 даана сатып алуу пландалууда.

Андан сырткары,Россия Федерациясынан алынган отказандарды жерине барып орнотуп монтаждоо иштерин да “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” филиалы ишке ашырып келет.

Оңдоп-түзɵɵ иштерин кылууда “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” филиалы отказандар менен камсыз кылып андан сырткары,сырттан алып келинген отказандарды да орнотуп монтаждап оңдоп-түзɵɵ иштеринде кɵп иштерди ɵз мойнуна алып келет.

Эске салсак, былтыр Кыргызстан боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” МИсы боюнча Чүйдɵгү АКМК филиалы тарабынан 33 даана отказан жаңыланып, 7 даана отказан Россия Федерациясынан алынып келип орнотулуп бүгүнкү күндɵ иштеп жатат.