Парламенттик делегациясы Улуу Британияга расмий иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британия мамлекетине расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулайт.

Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө арналган тегерек столго катышып, Улуу Британияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Эльдар Сулайманов жана Жылдыз Садырбаева бар.