Кадамжайда 104 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды – баасы 634 млн сом

Баткен областынын прокуратурасы тарабынан Кадамжай районуна караштуу А.Масалиев айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Текшерүүдө, айыл чарба багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй турган жалпы 104 га жер тилкеси аныкталган.

Жогорудагылардын негизинде, мыйзам бузуучулуктарга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 634 млн 536 миң 916 сомдук жалпы аянты 104 га жер аянты А.Масалиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынды.