Кыргыз-тажик чек арасынын 10.76 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-мартынан 17-мартына чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 10.76 чакырымын макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын кароо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.