Минкаб «Джунда» мунай иштетүүчү заводунун ишмердигин текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Джунда» мунай заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган.  Заводду модернизациялоо быйыл күздө пландалууда.

Заводду мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү  2024-жылдын экинчи кварталына болжолдонууда.

Иш сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү, заводдун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, нефтини кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн перспективалары менен таанышты.

Акылбек Жапаров тиешелүү түзүмдөргө заводдун потенциалын, жумуш орундарын жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен ишкананы ийгиликтүү ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.