Эльвира Сурабалдиева Бишкектин тургундары менен жолукту

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы М.Ганди, М.Рыскулов, Ю.Фучик, Васильев тракты, Д.Асанов, Республикалык, Жумабек, Завод, Чимкент, Харьков көчөлөрүнүн жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу парламент билдирди.

Жолугушууга борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев баштаган Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышты.

Депутат Эльвира Сурабалдиева бул жолугушууда шаар тургундары өз суроолорун Бишкек мэриясынын өкүлдөрүнө берип, жеринде жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи.

Борбор калаанын тургундары бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөргө көңүл бурушту. Тактап айтканда, Д.Асанов, Харьков, Завод, Чимкент көчөлөрүн оңдоо жана асфальттоо боюнча суроолорду узатышып, жолдорду оңдоодо тротуарларды да эске алуу керектигин кошумчалашты.

Муну менен катар жергиликтүүлөр Республикалык жана Жеңиш көчөлөрүнүн кесилишиндеги паркты сактап калуу маселесин ортого салышып, бул объекттин айланасындагы 16 жылдан бери уланып келе жаткан талаш-тартыштарга токтолушту. Алардын айтымында, парктын бир бөлүгү үч жаранга, экинчи бөлүгү алты жаранга бөлүнүп, «кызыл китептер» да берилген. Депутат Эльвира Сурабалдиева, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев паркты максаттуу пайдалануу зарылдыгын белгилешти. Мэр маалымдагандай, бул маселе боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.

Андан тышкары, жергиликтүү тургундар районду толук газдаштыруу, Завод көчөсүнүн жашоочуларына «жер мунапысынын» алкагында «кызыл китептерди» берүү, №41 мектептин жанына тротуар куруу жана №26 автобустун каттамын узартуу боюнча көптөгөн көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Депутат Эльвира Сурабалдиева бардык маселелерди өз көзөмөлүнө алып, Бишкек мэриясы жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш жүргүзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда депутат Эльвира Сурабалдиева Биринчи май районунун тургундарынын жеке суроолорун да укту.