Нарын районунда Учкун айыл аймагынын башчысы кармалды

УКМК 2024-жылдын март айында Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы "Жашыл Учкун" муниципалдык ишканасында финансылык мыйзам бузууларды аныктаган.

Тактап айтканда, "Жашыл Учкун" МИнин эки банктык эсеби бар ("Доскредобанк" ААКта - негизги эсеп жана "РСК банк" ААКта - атайын эсеп), мында жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар атайын эсепке чегерилет. 2023-жылдын август айында Учкун а/а жооптуу адамдары жайыт төлөмдөрүн чогултуу планын аткаруу максатында негизги эсептен 260 миң сом алып, элден чогулган каражат катары атайын эсепке киргизишкен. Аталган адамдар иш жүзүндө бүтпөй калган жайыт жерлеринде ар кандай оңдоо иштерин жүргүзөбүз деген шылтоо менен 260 миң сомду негизги эсептен чыгарып салууга аракет кылышкан.

Бул маалыматты текшерүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү процессинде, 2024-жылдын 18-мартында  Нарын районунун Учкун а/а башчысы, 1975-жылы туулган Ө.Э.М, УКМК кызматкерине  текшерүү иш-чараларын токтотуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда КР Кылмыш Жаза кодексинин  345-беренеси (пара берүү) менен кармалды.

Аталган Ө.Э.М. Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, үстүбүздөгү жылдын 20-мартында Нарын шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.