«Мадина» базарынын негиздөөчүсүнүн уулу кармалды – УКМК

«Мадина» соода борборунун негиздөөчүсү Т.Салимовдун  уулу С.И.Т. жана «Мадина» соода борборунун коопсуздук кызматынын башчысы С.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тактап айтканда, И.С., Камчы Асанбектин кылмыштуу ишмердигин жана кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден опузалап акча каражаттарын алгандыгын билип туруп, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), анын ичинде К. Асанбектин кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө салуу боюнча аракеттерди жүргүзгөндүгү аныкталган.

Аны менен бирге «Мадина» соода комплексинин Коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган К.С. да К.Асанбектин кылмыштуу ишмердүүлүгүн жана кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап, мыйзамсыз өндүрүп алуу жолу менен акча каражаттарын алганын билип туруп, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен тил табышып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келген.

Белгилей кетсек, К.С. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлүп, ал К.Асанбектин квотасы боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесине киргизилген.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.