Мамкурулуштун башкармалыгынын башчысы кармалды

Мамкурулуштун суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин кызмат адамдарынын катышуусунда чет өлкөлүк банкка чыгарылган 1 млн 498 миң 200 долларын (КРУБ курсу боюнча 134 млн 103 миң 882 сом) кайтарып берүү процедурасын аяктады. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, бул Ысык-Көл областынын Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманы куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жараткан.

Буга чейин маалымдалгандай, 2024-жылдын 4-мартында УКМК органдары тарабынан аталган акча каражаттарын банкрот болгон чет өлкөлүк банкка чыгарууга тиешеси бар деген шек менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш. К. кармалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыялар толугу менен долбоорго кайтарылды жана Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманын курулушуна жумшалат.