Райымбек Матраимов Кыргызстанга жеткирилди

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 25-мартында УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжандын аймагында Райымбек Матраимовду кармады.

Ошондой эле, аны менен бирге анын бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов кармалып, КРнын аймагына алынып келинген.

Белгилей кетсек, Р.Матраимовдун маркум Камчы Асанбек кылмыштуу топ түзгөн деп шектелүүдө.

Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.