> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# СУАРдын төрагасы Эркин Тунияз келди
- URL: https://im.kg/biilik/2024/04/01/suardyn-toraghasy-erkin-tuniiaz-kieldi/
- Published: 2024-04-01T04:25:34.000Z
- Updated: 2024-04-01T04:25:33.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Эркин Туниязды «Манас» эл аралык аэропортунан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана тоо-кен тармактарында кызматташуу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле, кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушуулары жана маданий программалар уюштурулат.