СУАРдын төрагасы Эркин Тунияз келди

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Эркин Туниязды «Манас» эл аралык аэропортунан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана тоо-кен тармактарында кызматташуу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле, кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушуулары жана маданий программалар уюштурулат.