> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча талкуу жүрдү
- URL: https://im.kg/biilik/2024/04/15/kyrghyz-tazhik-chiek-arasynyn-taktala-eliek-aimaktary-boiuncha-talkuu-zhurdu/
- Published: 2024-04-15T05:34:23.000Z
- Updated: 2024-04-15T05:34:23.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.**  
  
Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча биргелешип изилдөө иштерин жүргүздү.  
  
Тараптар КРнын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды тактоо боюнча ишти улантат.