Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча талкуу жүрдү

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча биргелешип изилдөө иштерин жүргүздү.

Тараптар КРнын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды тактоо боюнча ишти улантат.