Ош облусунун жетекчилиги үч айдын жыйынтыгын чыгарды

Коллегиялык жыйынга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы коллегиянын мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу облустук администрациясы билдирди.

Коллегиялык жыйындын күн тартибине 4 маселе каралды:

  • уюштуруу маселелери;
  • “2024-жылдын I кварталынын жыйынтыктары жана II кварталына милдеттер жөнүндө”;
  • президенттин, министрлер кабинетинин, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ченемдик-укуктук актыларынын, тапшырмаларынын, чечимдеринин аткарылышы жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө жөнүндө, райондук мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгек, кадрдык иштерди жүргүзүүнүн тартиби жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо иштеринин абалы жөнүндө”;
  • “КРнын 2023-жылдын 11-августундагы “Билим берүү жөнүндө” №179 мыйзамынын Ош облусунун аймагындагы билим берүү мекемелеринде аткарылышынын абалы жөнүндө”.