> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МинКаб бюджеттик каражаттардын натыйжалуулугун текшерүү боюнча жыйын өткөрдү
- URL: https://im.kg/biilik/2025/10/08/minkab-biudzhiettik-karazhattardyn-natyizhaluulughun-tiekshieruu-boiuncha-zhyiyn-otkordu/
- Published: 2025-10-08T11:59:47.000Z
- Updated: 2025-10-08T12:01:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, Транспорт

**Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык объектилерди жана жол курулуштарын каржылоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын туура пайдаланылышын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Комиссияны түзүү тууралуу чечим быйыл август айында кабыл алынган. Анын негизинде социалдык объектилерди жана автомобиль жолдорун куруу боюнча өзүнчө комиссиялар уюштурулган.

Жыйында Адылбек Касымалиев комиссиялардын негизги максаты — мыйзам бузууларды, кемчиликтерди жана натыйжасыз чыгымдарды аныктоо жана аларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу экенин белгиледи. Ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик жогорулашы керектигин кошумчалады.

Текшерүүлөр 2022–2025-жылдар аралыгындагы мезгилди камтыйт. Жыйында уюштуруу иштери жана текшерүү методикалары боюнча маселелер да каралды.