> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлиги ишкерлерди пайызсыз кредит менен каржылады
- URL: https://im.kg/biilik/2025/10/14/finansy-ministrlighi-ishkierlierdi-paiyzsyz-kriedit-mienien-karzhylady/
- Published: 2025-10-14T07:44:00.000Z
- Updated: 2025-10-14T08:40:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, Бизнес

**«Кичи-чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун алкагында, Финансы министрлиги ишкерлерге 9 млрд 435 млн сомдон ашык пайызсыз кредит берди. Аталган министрликтен маалымдагандай, Министрлер Кабинетинин кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруу алкагынды, Дүйнөлүк банк менен Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржылануучу “КРнын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо” долбоору ишке кирген.** 

Ага ылайык, 2025-жылдын 1-октябрына карата жалпы берилген насыялардын суммасы 9 млрд 435 млн 925 миң 306 сомду түздү. Аларды 11 миң 821 ишкер алган.

1-категория боюнча (1 млн чейин) – 9 миң 630 ишкерге берилген.

2-категория боюнча (3 млн чейин) – 2 миң 191 ишкерге берилген.

> Долбоорго катышуу шарттары:

> Насыяны колдонуу мөөнөтү - 36 айга чейин, жеңилдетилген мөөнөтү - 3 айга чейин

> **1-категория** – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык кеминде 6 ай иш жүргүзгөн жана жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер.

> **2-категория** – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык кеминде 6 ай иш жүргүзгөн жана жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар. Ал эми айыл чарба тармагы каржыланган жок.