> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыкты студенттерге бүгүн президенттик стипендия тапшырылды
- URL: https://im.kg/biilik/2025/10/31/mykty-studienttierghie-bughun-priezidienttik-stipiendiia-tapshyryldy/
- Published: 2025-10-31T10:56:47.000Z
- Updated: 2025-10-31T10:56:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Жогорку окуу жайлардын 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. Мамлекет башчысы студенттердин алдында сөз сүйлөп, Президенттик стипендия – бул жөн эле бир материалдык колдоо эмес, студенттердин талыкпаган эмгегинин, ташкындаган талантынын жыйынтыгы жана аларга шык берүү аракети экенин белгиледи.

> **“Бүгүн биз өлкөбүздүн билим берүү системасын эл аралык талаптарга жооп бергидей кылып жаңыртуунун аракетиндебиз. Биздин максат – студенттердин билим алуусуна гана эмес, дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна шарт түзүү. Мына ошондуктан, жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү колдоого, жаштардын чыгармачыл жана коомдук ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз”, -* деп белгиледи Мамлекет башчысы.*

Президент Садыр Жапаров студенттерге ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап, президенттик стипендияларды тапшырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-------8.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-------9.jpg)