> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкө башчы “чексиз тариф” боюнча Энергетика министрин сынга алды
- URL: https://im.kg/biilik/2025/11/04/olko-bashchy-chieksiz-tarif-boiuncha-enierghietika-ministrin-syngha-aldy/
- Published: 2025-11-04T06:55:27.000Z
- Updated: 2025-11-04T06:55:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, Энергетика

**Президенти Садыр Жапаров "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын калкты электр энергиясына болгон "Чексиз тарифке" өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.**

Мамлекет башчысы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге жол берилбестигин жана алар коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

> Президент Садыр Жапаров бул тарифти колдонууну токтоосуз токтотууну жана кыш мезгилинде жарандарга электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды,-депайтылат маалыматта.