> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттик администрациянын чыгымдары 9 айда 682,1 млн сомду түздү
- URL: https://im.kg/biilik/2025/11/05/priezidienttik-administratsiia-chyghymdary-9-aida-682-1-mln-somdu-tuzdu/
- Published: 2025-11-05T04:33:06.000Z
- Updated: 2025-11-05T04:49:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, #Жаңылыктар

**2025-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Кыргызстан Президентинин администрациясына ишине сарпталган акчанын жалпы көлөмү 682,1 млн. сомду түзгөнү “Ачык бюджет” анализинин маалыматынада көрсөтүлдү.** 

Бул чыгымдардын 546,3 млн сомго жакыны администрация кызматкерлеринин маянасына сарпталган. 

> Бул сумманын ичинен туруктуу иштеген кызматкерлердин эмгек акысы – 483,8 млн сом болсо, кошумча төлөмдөр менен компенсациялар – 255,4 млн сомду түзгөн. Негизги маяна – 115,9 млн сом, кошумча эмгек акы – 112,4 млн, взностор менен социалдык керектөөлөргө которуулар – 62,5 млн сом болгон. 

Товарларды алуу менен колдонууга жана кызмат көрсөтүүлөргө 135,2 млн сом, анын ичинен 109,5 млн сом кызматтык сапарларга кеткен.