> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы КМШнын башкы катчысы менен жолугушту
- URL: https://im.kg/biilik/2025/11/10/krnyn-ministrlier-kabinietinin-toraghasy-kmshnyn-bashky-katchysy-mienien-zholughushtu/
- Published: 2025-11-10T09:53:41.000Z
- Updated: 2025-11-10T09:53:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы **Адылбек Касымалиев** Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Башкы катчысынын биринчи орун басары **Игорь Петришенко** менен жолукту.

> Жолугушууда тараптар КРнын Жогорку Кеңшинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдагандай, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу катары КМШ байкоочуларынын Миссиясы аккредитацияланган жана бул миссиянын башчысы болуп Игорь Петришенко саналат.

Өз сөзүндө төрага Адылбек Касымалиев, шайлоодо эркин, ачык жана таза тандоо процессин камсыз кылуу боюнча бардык мамлекеттик органдар милдеттендирилгендигин белгилеп, эл аралык байкоочулардын кеңири өкүлчүлүгүн өлкөгө чакырылгандыгын билдирди.

Игорь Петришенко дагы, КМШ Миссиясы Кыргызстанда алдыдагы шайлоодо байкоо жүргүзүүдөгү иштери тууралуу маалымат берди.