> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ШКУ өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынынын тар чөйрөдөгү отуруму болду
- URL: https://im.kg/biilik/2025/11/18/shku-okmot-bashchylarynyn-kienieshinin-24-zhyiynynyn-tar-choirodoghu-oturumu-boldu/
- Published: 2025-11-18T10:16:33.000Z
- Updated: 2025-11-18T10:16:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына, тар чөйрөдө катышты.

> Тар чөйрөдөгү жыйындын жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелери боюнча жемиштүү талкууларды өткөрүштү. Катышуучулар глобалдык экономиканын актуалдуу чакырыктарын карап чыгып, Шанхай кызматташтык уюмунун аймагында көп тараптуу интеграцияны бекемдөөнүн конкреттүү жолдорун белгилешти.

Ошондой эле, уюмдун ичиндеги өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, анын ичинде жалпы экономикалык инструменттерди өнүктүрүү жана ар кандай секторлордо тыгыз байланыштар үчүн шарттарды түзүү аркылуу басым жасалды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/691c3f1c3b8be-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/691c3f174cbe3-1.jpeg)