> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттик администрация менен ЮНИСЕФ "Балдар айтат – 2025" жолугушууларын өткөрдү
- URL: https://im.kg/biilik/2025/11/20/priezidienttik-administratsiia-mienien-iunisief-baldar-aitat-2025-zholughushuularyn-otkordu/
- Published: 2025-11-20T09:47:24.000Z
- Updated: 2025-11-20T09:47:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, Коом

**Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы ЮНИСЕФтин Балдар фонду менен биргеликте "Балдар айтат – 2025" жолугушууларынын сериясын өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.**

Иш-чарага бир катар мамлекеттик органдар, Бишкек шаарынын мэриясы, эл аралык уюмдар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр катышты. Демилгенин негизги максаты – балдар өз оюн эркин айта турган жана мамлекеттик органдар аны чечим кабыл алууда эске алган аянтча түзүү.

> Жолугушууларда балдар үчүн маанилүү болгон бир нече багыттар талкууланды. Алардын ичинде мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу, буллингге каршы чаралар, санариптик коопсуздук, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кызматтардын жеткиликтүүлүгү, үй-бүлөдөгү коопсуздук, балдардын мамлекеттик чечимдерге катышуусун кеңейтүү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/1-48.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2-39.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3-35.jpeg)

Балдардын айткандары чыныгы турмуштук тажрыйбаларды чагылдырып, мамлекеттик органдар үчүн маанилүү багыттарды белгилөөгө жардам берди.

> "Биз балдар көйгөйлөрдү талдап, чечимдерди сунуштоого даяр экенин көрүп жатабыз. Биздин милдет – алардын үнү мамлекеттик саясат үчүн реалдуу багыт болушун камсыз кылуу», – деди Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева.

Министрликтер, мэрия жана эл аралык өнөктөштөр балдардын сунуштарын карап чыгууга жана аларды өз пландарына киргизүүгө даяр экенин билдиришти.

"Балдар айтат – 2025" демилгеси балдардын коомдук турмушка катышуусун күчөтүп, алардын пикирин урматтоо маданиятын бекемдөөгө багытталган. Иш-чаралар 2026-жылы да улантылары кабарланды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/4-28.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/5-19.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/6-9.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/8-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/9-1.jpeg)