> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# К.Ташиев Долпран алтын кенинин баасы 10 млрд долларга жакын экенин айтты
- URL: https://im.kg/biilik/2025/11/27/k-tashiiev-dolpran-altyn-kieninin-baasy-10-mlrd-dollargha-zhakyn-ekienin-aitty/
- Published: 2025-11-27T12:37:06.000Z
- Updated: 2025-11-27T12:37:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, Кыймылсыз мүлк

**Кемин районундагы Долпран алтын кенинин бааланган баасы 10 млрд доллар экенин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Тоң районундагы УКМКнын жаңы имаратын ачуу мезгилинде билдирди.** 

К.Ташиевдин айтымында, компаниялар алтын казуу лицензияларын мамлекеттен бекер алышып, андан кийин бири-бирине сатып акчага туйтунушкан. 

> “А элге жана мамлекетке андан эч нерсе калбай, натыйжада мамлекет “уурдалып турган”. Долпран кени тууралуу айтсам, бул жерде лицензияны бекер алышкан. Мамлекеттин бир пайыз дагы үлүшү жок. Ошентип алар лицензияны 32 млн долларга сатышкан. Бул 3 млрд сом. Болжол менен бул 5 лицензиянын баасы 10 млрд доллар. Мына Долпрандын баасы. Мамлекет эч кандай пайда көрбөй, тоолорубуз бузулуп жатат. Алар салык төл жатабыз дешет, бирок, алар ага милдеттүү. Баары салык төлөйт, ал тургай таксисттер дагы. Ар бир кенде мамлекеттин үлүшү жана эл үчүн пайда болуш керек”,-дейт ал. 

Буга улай УКМК жетекчиси бардык кендер элдин пайдасына иштерин билдирип, эгер Долпран кенин иштетүүдө мамлекетке пайда болсо иштетилерин, пайда болбосо ага бийлик тийбей турганын ортого салган.