> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия ЖККУ өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлор ассоциациясын түзүүнү сунуштады
- URL: https://im.kg/biilik/2025/11/27/rossiia-zhkku-olkolorunun-analitikalyk-borborlor-assotsiatsiiasyn-tuzuunu-sunushtady/
- Published: 2025-11-27T09:43:40.000Z
- Updated: 2025-11-27T09:43:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, Коом

**Бишкектеги ЖККУ саммитин жыйынтыктап жатып Россия президенти Владимир Путин уюмдун жамааттык күчтөрүн масштабдуу заманбап россиялык куралдар жана техникалар менен камсыздоо программасын ишке киргизүү сунушун киргизди.** 

Россия лидери, сөз ЖККУ күчтөрүнө “реалдуу аскердик аракеттерде эффективдүүлүгүн далилдей турган” куралдардын үлгүсү жөнүндө сөз болуп жатканын баса белгиледи. Буга улай ал Москванын уюмга катышуучу өлкөлөрдүн биргелешкен аскердик окууларын кеңейтүүгө жана алардын аскердик бөлүмдөрү менен атайын кызматтарынын даярдыгын күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди. 

Ошондой эле В.Путин Россия биокоопсуздук, санитардык-эпидемиологиялык системаларды бекемдөө жана кооптуу инфекцияларга бирдиктүү чара көрүү боюнча иштерди улантарын ортого салды. 

Саммитте экстремизмге каршы аракет кылууга, жаңы антитеррористтик стратегияга даярдыкка жана маалыматтык аянтты коргоого өзүнчө акцент жасалды. Россия тарап наркотрафикке каршы күрөштү активдештирип, “Канал” операциясын кеңейтип жана ЖККУ өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлор ассоциациясын түзүүнү ниет кылып жатканы да айтылды.