> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лебединовкадагы пенопласт өндүрүүчү ишкана убактылуу токтотулду
- URL: https://im.kg/biilik/2025/12/11/liebiedinovkadaghy-pienoplast-onduruuchu-ishkana-ubaktyluu-toktotuldu/
- Published: 2025-12-11T06:29:12.000Z
- Updated: 2025-12-11T06:29:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, Бизнес

**Лебединовка айылындагы пенопласт өндүрүүчү ишкананын иши экологиялык талаптарды бузганы үчүн убактылуу токтотулганын Кыргызстандын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.**

Муниципалдык инспекция менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө, социалдык тармактарда (Facebook) жарыяланган видеоматериалда көрсөтүлгөн Лебединовка айылындагы пенопласт өндүрүүчү "Барс медведь" ЖЧКсынын жайгашкан жери аныкталган. 

Текшерүү учурунда ишкананын газ тазалоочу жабдуусу жок экени аныкталган. Бул экологиялык нормаларды жана коопсуздук талаптарын бузуу болуп эсептелет. КРнын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренесине ылайык, ишканага 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында ишкананын иши газ тазалоочу жабдуулар орнотулганга чейин убактылуу токтотулган.