> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда Мисир Араб Республикасынын Элчилиги ачылат
- URL: https://im.kg/biilik/2025/12/16/kyrghyzstanda-misir-arab-riespublikasynyn-elchilighi-achylat/
- Published: 2025-12-16T03:26:28.000Z
- Updated: 2025-12-16T03:27:01.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаров “КРнын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.**

> Жарлык КРнын Мисир Араб Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштарын активдештирүү жана тереңдетүү максатында кабыл алынды. Ошондой эле Мисирдин аймагында жана Түндүк Африканын чектеш өлкөлөрүндө жүргөн 3 миңге жакын КРнын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатын да көздөйт. 

Ушуга байланыштуу Каир шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилиги уюштурулушу күтүлөт. 

Бул Жарлык 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.