> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды
- URL: https://im.kg/biilik/2025/12/21/priezidient-sadyr-zhaparov-rossiiagha-ish-sapary-mienien-bardy/
- Published: 2025-12-21T04:45:23.000Z
- Updated: 2025-12-21T04:45:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, #Жаңылыктар

**Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Өлкө башчыны Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортунан губернатор Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.**

Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана финансылык кызматташтыкты тереңдетүүнү, каботаждык ташууларды өнүктүрүүнү, энергетика тармагындагы кызматташтыкты, ошондой эле КМШ багыты боюнча өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын талкуулоо пландаштырылууда. 

Сапардын жыйынтыгы боюнча ЖЕАК жыйынынын күн тартибинин алкагында тиешелүү чечимдерди жана документтерди кабыл алынат.