> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент: МИКтин уставдык капиталы 87,5 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/biilik/2026/01/05/priezidient-miktin-ustavdyk-kapitaly-87-5-mlrd-somgho-zhietti/
- Published: 2026-01-05T05:12:30.000Z
- Updated: 2026-01-05T05:12:30.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан салынып жаткан турак жайлардын баасы базардагы баадан кыйла төмөн. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.**

Президенттин айтымында, МИК аркылуу берилген батирлер 25 жылга, алгачкы төлөмсүз сунушталат. Бишкек шаарында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында 1 чарчы метрдин баасы жайгашкан районуна жараша 900–1 000 АКШ долларын түзөт.

> МИКтин “Социалдык ипотека” (жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана алардын камкорчулары) жана “Жеңилдетилген ипотека” (мугалимдер, дарыгерлер жана бюджеттик кызматкерлер) багыттары боюнча батирлер жылдык 4% менен, 25 жылга, алгачкы төлөмсүз берилет. Ал эми “Арзан ипотека” багыты боюнча пайыздык чен жылына 8% түзөт.

Мындан тышкары, “Үлүштүк курулуш” механизми аркылуу батирлердин 1 чарчы метринин баасы 1 000–1 400 долларды түзөт. Бул программа негизинен чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттарга багытталган. Анда жарандар батирдин наркынын 50%ын дароо төлөп, калган бөлүгүн 15 жылга чейин бөлүп төлөшөт.

Президент базардагы бааларга салыштырмалуу МИКтин сунушу кыйла жеткиликтүү экенин белгиледи. Анын айтымында, Бишкекте жаңы курулуп жаткан батирлердин 1 чарчы метри 2 000–3 000 долларга чейин жетет жана көбүнчө ремонту жок абалда сунушталат. Ал эми МИКтин объектилери толук бүткөрүлгөн (“под ключ”) форматта берилет.

2025-жылдын жыйынтыгы менен 4 662 үй-бүлө турак жайга ээ болду. Салыштырмалуу алганда, 2024-жылы бул көрсөткүч 1 197 үй-бүлөнү түзгөн.

> Учурда республика боюнча жалпы 80 245 батир курулуп жатат. Алардын жалпы аянты 5,4 млн чарчы метрди түзөт. 2026-жылы 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинде Бишкек шаарында — 6 323, Чүй облусунда — 3 129, Манас шаарында — 3 219 батир курулат.

Садыр Жапаровдун айтымында, МИК батирлерди өздүк наркынан бир аз жогору баада сатууга аргасыз. Себеби компания масштабдуу курулуштарды улантып, узак мөөнөттүү программаларды ишке ашырышы керек.

> “Эгер батирлерди өздүк наркында эле берсек, компания 25 жылдык мөөнөт, инфляция жана минималдуу кирешени эске алганда банкрот болуп калмак”, — деди президент.

Ошол эле учурда мамлекет мигранттар үчүн өзүнчө кезек түзүү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кошумча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгаарын билдирди.