> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасы боюнча иш жүргүзүп жатат
- URL: https://im.kg/biilik/2026/01/19/ukmk-iri-olchomdoghu-aldamchylyk-skhiemasy-boiuncha-ish-zhurghuzup-zhatat/
- Published: 2026-01-19T08:12:12.000Z
- Updated: 2026-01-19T08:12:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, Кыймылсыз мүлк

УКМК Кыргызстандын жараны С.М. тарабынан жасалган курулуш жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү ири өлчөмдөгү [алдамчылык схемасын](https://www.kabar.kg/news/bishkekte-zharandardy-karyzga-batyryp-mlkn-tartyp-algan-zharan-karmaldy/) иликтеп жатканын атайын кызматтын билдиришти.

Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучулар менен жолугушту. Жолугушууга шектүү дагы катышты.

> Тергөөнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон С.М. узак убакыт бою мыйзамсыз күрөө жана сүткорлук менен алектенгени аныкталган. Ал жарандарга атайылап кысым көрсөтүүчү шарттарда жана жогорку пайыздык чендер менен каражат берип, андан пайда болгон карызды алардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу үчүн колдонгон.

Тергөө өзгөчө "Эксперт Строй" ("Шёлковый путь" турак жай комплекси) жана "Арз Девелопмент" ЖЧКларынын ишмердүүлүгүнө багытталган. С.М. эки жер тилкесин үлүшкө берип, кийин долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жараткан жана ири өлчөмдө кошумча пайда алуу үчүн мыйзамсыз талаптарды койгон.

Мыйзамсыз аракеттерден улам "Шёлковый путь" ТЖК, "Арз Девелопмент" ЖЧКсынын 89 үлүшчүсү, ошондой эле бир катар жеке адамдар жабырлануучу деп табылган. Жыйынтыгында жалпы материалдык зыян өзгөчө чоң деп бааланып, ага кыймылсыз мүлктү, унааларды жана каражаттарды мыйзамсыз ээликтен ажыратуу кирген.