> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга инвестиция тартуу маселеси талкууланды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/01/28/kyrghyzstangha-inviestitsiia-tartuu-masieliesi-talkuulandy/
- Published: 2026-01-28T12:17:17.000Z
- Updated: 2026-01-28T12:17:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук инвестициялык фондунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Иш сапарынын алкагында Фонддун жамааты менен жолугушуу өтүп, инвестицияларды тартуу жана стратегиялык маанидеги экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

> Министрлер Кабинетинин башчысына гидроэнергетика, айыл чарба жана өнөр жай тармактарындагы ири долбоорлор, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого багытталган демилгелер тааныштырылды.

Улуттук инвестициялык фонддун негизги максаты — активдерди натыйжалуу башкаруу, алардын наркын өстүрүү жана ички жана эл аралык рыноктордон узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу болуп саналат.