> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жергиликтүү сотторго 5 судья дайындалды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/01/28/zhierghiliktuu-sottorgho-5-sudia-daiyndaldy/
- Published: 2026-01-28T09:26:25.000Z
- Updated: 2026-01-28T09:26:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна бир катар судьялар биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз** кызматына **билдиришти.** 

Дайындоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушуна ылайык ишке ашырылды.

Жергиликтүү соттордун судьялары болуп төмөнкү талапкерлер дайындалды:

- Акылбекова Айжамал Акылбековна;
- Джамбурчиева Каныкей Аширбековна;
- Маданбекова Лира Орумбековна;
- Рыскулов Асхат Жаңыбаевич;
- Сарыбаев Самарбек Назарбекович.

Аталган Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.