> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# А.Касымалиев кытайлык инвесторлор менен аз көмүртектүү өндүрүш долбоорун талкуулады
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/07/a-kasymaliiev-kytailyk-inviestorlor-mienien-az-komurtiektuu-ondurush-dolboorun-talkuulady/
- Published: 2026-02-07T06:13:30.000Z
- Updated: 2026-02-07T06:13:30.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кытайлык “Миньшан” компаниясынын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү электр приборлорун, анын ичинде турмуш-тиричилик техникасын өндүрүүгө багытталган аз көмүртектүү технологиялык индустриалдык парк куруу боюнча инвестициялык долбоорун тааныштырышты.

Маалым болгондой, компаниянын индустриалдык парктарды куруу боюнча тажрыйбасы бар жана Кыргызстанда тиешелүү парк түзүүнү максат кылууда.

> Өз кезегинде кыргыз тарап аталган инвестициялык долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, компанияга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-23.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-18.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-27.jpeg)