> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкө башчы УКМКнын орун басарларын кызматтан бошотту
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/10/olko-bashchy-ukmknyn-orun-basarlaryn-kyzmattan-boshottu/
- Published: 2026-02-10T13:15:21.000Z
- Updated: 2026-02-10T13:15:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, #Жаңылыктар

**Президент Садыр Жапаров УКМКнын бардык орун басарларын кызматтан бошотту. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын бир нече орун басары кызматтан бошотулган.**

Атап айтканда, кызматтан бошотулган адамдар:

- УКМКнын биринчи орун басары Курванбек Авазов;
- УКМКнын орун басары, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору Даниэль Рысалиев;
- УКМКнын орун басары, Антитеррордук борбордун директору Элизар Сманов.

Эске салсак, бүгүн эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кетирилген.

Мындан тышкары, УКМКнын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев да кызматтан бошотулушу мүмкүн деп болжолдонууда.