> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/12/adiliet-orozbiekov-koopsuzduk-kienieshinin-katchysy-bolup-daiyndaldy/
- Published: 2026-02-12T10:59:17.000Z
- Updated: 2026-02-12T10:59:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**КРнын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Орозбеков Адилет Орозбекович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.**

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин "Дипломатия жана эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Россия Федерациясынын ФКК Академиясында окуган.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине, полковник аскердик наамына ээ.

Эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер болуп баштаган жана 2017-жылга чейин ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген.

2017-жылдан баштап тышкы иштер министрлигинде, Шанхай кызматташтык уюмунун иштери боюнча улуттук координатордун аппаратында иштеген;

2017-2019-жж. – Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти;

2023-2024-жж. – КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;

2025-жылдын декабрынан азыркы убакытка чейин – КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.