> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Кыргызстанга кайтып келди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/13/ukmknyn-eks-toraghasy-kamchybiek-tashiiev-bughun-kyrghyzstangha-kaityp-kieldi/
- Published: 2026-02-13T02:50:37.000Z
- Updated: 2026-02-13T02:50:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, #Жаңылыктар

**Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары жана УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн таң эрте Кыргызстанга кайтып келгенин социалдык тармактарда журналист Айбек Бийбосунов билдирди.**

Маалыматтарга караганда, саясатчы Манас эл аралык аэропортуна келип түшкөн. Ал дароо унаага отуруп кетип калгандыктан, журналисттер ага суроо узатууга жетишкен эмес.

> Буга чейин Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов саясатчынын дарылануусу толук аяктай элек болгонуна карабастан, мекенине кайтуу чечими кабыл алынганын билдирген.