> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/16/bakyt-torobaiev-batkiendin-onughuusu-boiuncha-bashky-baghyttardy-bielghiliedi/
- Published: 2026-02-16T08:34:06.000Z
- Updated: 2026-02-16T08:34:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусунда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясына катышып, анда 2025-жылга карата региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы негизги милдеттер аныкталды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Жыйында улуттук жана аймактык программаларды ишке ашыруу, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор, инвестиция тартуу, санариптештирүү жана мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл экономиканын реалдуу секторуна — курулуш, өнөр жай, тейлөө тармагы жана айыл чарбасына бурулду.

> Бакыт Төрөбаев Садыр Жапаровдун беш жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына токтолуп, өлкөнүн консолидацияланган бюджети 2025-жылы 1 триллион сомдон ашканын белгиледи. Бул 2020-жылга салыштырмалуу олуттуу өсүш экенин айтты.

Коллегиянын жыйынтыгында облустук администрацияга жана тиешелүү министрликтерге инфраструктураны өнүктүрүү, инвестициялык долбоорлорду тездетүү, жумуш орундарын түзүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүү жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/1-77.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-30.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-46.jpeg)