> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Данияр Амангельдиев Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/16/daniiar-amanghieldiiev-miunkhien-koopsuzduk-konfierientsiiasyna-katyshty/
- Published: 2026-02-16T08:44:52.000Z
- Updated: 2026-02-16T08:44:52.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Германия Федеративдүү Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында 62-Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Иш-чарада ал Италия, Хорватия, Сербия, АКШ жана Европа Биримдигинин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. 

> Сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары — санкциялар жаатындагы кызматташтык жана Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин жылдыруу болду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/1-78.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-38.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-47.jpeg)