> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/16/korruptsiiagha-karshy-kurosh-zhany-myizam-kuchuno-kiriet/
- Published: 2026-02-16T04:50:16.000Z
- Updated: 2026-02-16T04:50:16.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 15-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.**

> Мыйзамдын максаты – коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана билим берүү, маалыматтык-профилактикалык иштерди жакшыртуу. 

Ошондой эле, мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия" Жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам төмөнкү багыттарды камтыйт:

- Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн максаттары, милдеттери жана терминдерин так аныктоо;
- Коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттеринин чөйрөсү жана милдеттери, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жоопкерчилиги;
- Коррупциянын алдын алуу, ага каршы күрөшүү жана мыйзамда каралган жоопкерчиликти жүзөгө ашыруу;
- Коррупцияга байланыштуу кылмыштардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү жана кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу боюнча механизмдерди камсыздоо.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.