> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тимур Малбашев “Кыргыз мунай компаниясынын” директору болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/16/timur-malbashiev-kyrghyz-munai-kompaniiasynyn-diriektoru-bolup-daiyndaldy/
- Published: 2026-02-16T10:01:55.000Z
- Updated: 2026-02-16T10:01:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргыз мунай компаниясы" мамлекеттик ишканасынын директору болуп Малбашев Тимур Жарышбекович дайындалды.**

Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

> Расмий маалыматка ылайык, Тимур Малбашев 1984-жылдын 22-мартында туулган. Ал МУКтун Бизнес жана туризм башкаруу институтун 2006-жылы аяктаган.