> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кеткени маалым болду
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/17/ukmk-toraghasy-kamchybiek-tashiiev-chiet-olkogho-chyghyp-kietkieni-maalym-boldu/
- Published: 2026-02-17T06:08:00.000Z
- Updated: 2026-02-17T06:08:00.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Саясат, #Жаңылыктар

**УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кеткенин бүгүн “Регион” телеканалынын башчысы, Камчыбек Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жазып, видео жарыялады.** 

Буга улай ал экс-төрага эмне себептен чыкканын тастыктаган эмес. 

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан бошоткон. [ ](https://www.azattyk.org/a/33674140.html)Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.

Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 13-февралда Бишкекке кайтып келген. Анын тарапташтары акыркы саясий окуялар тууралуу Камчыбек Ташиев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрөрүн билдиришкен.

Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызмаитка барбай турганын айткан.

Акыркы саясий жүрүштөрдүн фонунда Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев шайланды. Кечээ бир катар министрлер да алмашты.