> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/18/sadyr-zhaparov-ievropa-parlamientinin-dieputattaryn-kabyl-aldy/
- Published: 2026-02-18T10:07:56.000Z
- Updated: 2026-02-18T10:07:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Джузеппина Принчи баштаган Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.** 

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин камсыз кылуу маселелери талкууланды.

> Мамлекет башчысы Европа өлкөлөрү менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, диалогду мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин ырастады. Ал Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы кызматташтыкты маанилүү диалогдук механизм катары баалады.

Өз кезегинде делегация өкүлдөрү Кыргызстандагы акыркы оң өзгөрүүлөрдү жана реформаларды жогору баалап, конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, студенттик алмашуу программаларын активдештирүү маселелери да көтөрүлдү.

> Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өз ара кызыкчылыктагы багыттар боюнча мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/1-103.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-38.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-64.jpeg)