> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Данияр Амангельдиев: Аймактарды санарипке өткөрүү – экономикалык өсүштүн негизи
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/19/daniiar-amanghieldiiev-aimaktardy-sanaripkie-otkoruu-ekonomikalyk-osushtun-nieghizi/
- Published: 2026-02-19T06:46:00.000Z
- Updated: 2026-02-19T06:46:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев аймактык өнүгүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана заманбап башкаруу куралдарын киргизүү маселелерине арналган тегерек столго катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Иш-чарада ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуу динамикасын белгилеп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык ИДПнын көлөмү 2 триллион сомго жакындап, 2022-жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөнүн маалымдады.

> "Заманбап экономика заманбап башкарууну талап кылат. Биз пландоо, бюджеттештирүү, ишке ашыруу жана мониторингди бирдиктүү санариптик чынжыр менен жүргүзүп жатабыз. Бул процесс борбордук жана жергиликтүү деңгээлде толук интеграцияланат", — деп белгиледи Данияр Амангельдиев.

Иш-чарада "Санарип Аймак" мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутумуна өзгөчө көңүл бурулду. Система аймактарды башкаруу үчүн бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүп, ведомстволор аралык ыкчам маалымат алмашууну жана маалымат базаларын борборлоштурууну камсыз кылат.

Данияр Амангельдиев санариптик демилгелерди колдогон өнөктөштөргө — Улуу Британия Өкмөтүнө жана Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирип, "Экономикалык өсүш үчүн натыйжалуу башкаруу" долбоору реформалардын темпин тездеткенин белгиледи. Ал ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин компетенциясын жогорулатуу жана бийлик деңгээлдеринин ортосунда жоопкерчиликти так бөлүштүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

> "Маалыматтарга негизделген башкарууга өтүү бардык аймактарда жарандардын жашоосун сапаттуу жакшыртууга өбөлгө түзөт", — деп сөзүн жыйынтыктады Данияр Амангельдиев. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/9-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-53.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/1-110.jpeg)