> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда катализаторлорду өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салынды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/19/kyrghyzstanda-katalizatorlordu-olkodon-chygharuugha-ubaktyluu-tyiuu-salyndy/
- Published: 2026-02-19T08:23:05.000Z
- Updated: 2026-02-19T08:23:05.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинети мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын өлкөдөн чыгарып кетүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.**

Чечимдин максаты – атмосферанын булганышын азайтуу, адамдын өмүрүн жана ден-соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо.

> Катализатор унаанын газ чыгаруу системасындагы эң кымбат элементтердин бири болуп эсептелет жана анын баасы унаанын наркынын 13%ына чейин жетет. Ушундан улам, рынокто катализаторлорду алып сатуу максатында ыктыярдуу же мыйзамсыз алып салуу учурлары көбөйгөн.