> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/19/minieraldyk-zhier-siemirtkichtierdi-eksporttoogho-ubaktyluu-tyiuu-salyndy/
- Published: 2026-02-19T12:50:14.000Z
- Updated: 2026-02-19T12:50:13.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинети Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди (бажы транзитинин жол-жобосу жана гуманитардык жардамдан тышкары) алты айлык мөөнөткө экспорттоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.**

Тыюу мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон, сапатына байланыштуу талаптарга туура келбеген минералдык жер семирткичтерге колдонулбайт.

> Мамлекеттик органдарга минералдык жер семирткичтердин айрым түрлөрүн мыйзамсыз экспорттоого бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.