> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/21/2030-zhylgha-chieiin-aiyl-charba-ondurushu-30-gha-koboitulot/
- Published: 2026-02-21T07:44:15.000Z
- Updated: 2026-02-21T07:44:15.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи 102,2%ды түздү. Кайра иштетүү өнөр жайында 104,7 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү 130,1%га жеткен.

Ошондой эле айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрү дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө экспорттолууда. Өлкө калкы тогуз негизги социалдык азык-түлүктүн алты түрү менен камсыз болгон.

> Касымалиев 2030-жылга чейинки улуттук программага ылайык, айыл чарба өндүрүшүн 30%га, кайра иштетүүнү 2 эсеге көбөйтүү максаты коюлганын белгиледи. 2026-жылы ирригация тармагына 12,3 млрд сом каралып, жалпы айыл чарбасына 41,1 млрд сом багыттоо пландалууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-73.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-49.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-60.jpeg)