> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/27/askier-prokuraturasy-ukmkdaghy-korruptsiiany-anyktap-5-adam-kamaldy/
- Published: 2026-02-27T12:33:00.000Z
- Updated: 2026-02-27T12:33:00.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Саясат, #Жаңылыктар

**Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, жалпы 5 адам кармалды. Биринчи май райондук сотунун чечими менен алар камакка алынды.

Жогоруда айтылган фактылардын негизинде УКМКнын Ички коопсуздук кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын натыйжасында:

- 6 кызматкер улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган;
- 6 кызматкер ээлеген кызмат ордунан алынып, УКМКнын карамагынан чыгарылды;
- УКМКда кызмат өтөөгө 1 талапкер четтетилди;
- УКМКнын 8 кызматкерине тартиптик жаза чаралары көрүлдү.

Жогоруда айтылган коррупциялык топко тиешеси бар УКМКнын башка кызматкерлерин аныктоо боюнча иштер уланууда.